Трамп: беш миллион киши шайлоодо мыйзамсыз добуш берген

шайлоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШ Президенти Дональд Трамп президенттик шайлоодо беш миллион чукул шайлоочу мыйзамсыз добуш берген деп эсептейт. Бул тууралуу Акүйдүн өкүлү кабарлады.

Пресс-секретарь Шон Спайсердин айтымында, Трамп иликтөө, далилдерге таянып айтып жатат. Бирок ал далилдер кайсылар экенин Шон Спайсер ачык айткан жок.

Буга чейин Дональд Трамп атаандашы Хиллари Клинтонго шайлоочулардын көпчүлүгү добуш бергенине ушул жүйөнү келтирип жаткан. Бирок бул айтылгандар коомчулуктун колдоосуна алынган эмес эле.

Дүйшөмбүдө кечинде конгрес лидерлери менен жабык эшик артында болгон Президенттин жолугушуусунда ушул маселе тууралуу сөз болгон. Дональд Трамп үч миллиондон беш миллионго чейинки мигранттар мыйзамсыз шайлоого катышты деп билдирүү жасаган. Жыйындан кийин басма сөз катчысы бул айтылгандар боюнча коментарий берди.

Трамп ноябрь айында бул тууралуу өзүнүн "Твиттер" барагына жазып, бирок эч кандай далилдер айтылган эмес болчу.

Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон атаандашы республикачыл Трампка караганда үч миллионго чукул добуш алган. Бирок Трамп жалпы шайлоону штаттардагы шайлоочулар коллегиясынын добуштарын көп чогултуу менен утуп чыккан.

Республикачылар Дональд Трампты бул сыяктуу билдирүүлөрдөн этият болууга чакырышты. Сенатор Линдси Грэм муну орунсуз деп атап, Президент мындайларды токтоткону жакшы болот деди.