Ак үй: Кытайдын Сирия боюнча резолюцияга каршы чыкпаганы – Трамптын жеңиши

Сирияны айыптаган резолюция долбооруна Россия бөгөт коюп, Боливия да каршы добуш берди.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сирияны айыптаган резолюция долбооруна Россия бөгөт коюп, Боливия да каршы добуш берди.

Россия жана Боливия Сириядагы химиялык чабуул үчүн жоопкерчиликти Асад режимине жүктѳгѳн резолюция долбооруна каршы добуш беришти. Кытай каршы чыкпай, калыс болду.

Ак үйдүн басма сөз кызматкери Шон Спайсер Fox телеканалына Кытайдын бул резолюцияга карата калыс болгону Трамптын дипломатиялык "чоң жеңиши" деп билдирди. Буга чейин Орусия колдобогон резолюцияларга Кытай да каршы добушун берип келген.

Ак үй өкүлү Сирия өкмөтүн ушу тапта Россиядан тышкары толук кандуу мамлекет боло албаган өлкөлөрдүн кичине тобу гана колдоп жаткандыгын айтты.

12-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешинде 90 адамдын өмүрүн алган Сириянын Идлиб провинциясындагы химиялык чабуул боюнча резолюция каралды.

Долбоорду кабыл алууга Россия бөгөт коюп, Боливия да каршы добуш берди. Кытай, Эфиопия, Казакстан – калыс болуп, Коопсуздук кеңешинин калган 10 мүчөсү документти колдоп добуш беришти.